«Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору» мамлекеттик мекемеси жоюлду
«Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору» мамлекеттик мекемеси жоюлду. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментиндеги, «Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору» мамлекеттик мекемесиндеги тутумдук коррупцияны демонтаждоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун 2015-жылдын 26-ноябрындагы кеңешмесинде бекитилген Иш-чаралар планын аткарууга багытталган.
Белгилесек, учурда аталган мекемедеги штаттык бирдиктердин жалпы саны 196 бирдикти түзөт. «Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору» мамлекеттик мекемеси жоюлган учурда 130 бирдик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын «Инфоком» мамлекеттик ишканасына которулат, ал эми 66 штаттык бирдик кыскартылат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: